Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Укук коргоочу Исмаилова менен активист Бөрүбаева сурактан чыгышты

Бермет Бөрүбаева (солдо) жана Төлөкан Исмаилова (оңдо) сурактан кийин. Бишкек. 13-март, 2026-жыл.
Бермет Бөрүбаева (солдо) жана Төлөкан Исмаилова (оңдо) сурактан кийин. Бишкек. 13-март, 2026-жыл.

Укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан (ШИИБ) сурактан чыгышты.

Төлөкан Исмаилова суракка чакырылышы Фейсбукта жазган постторуна байланыштуу болгонун "Азаттыкка" айтып берди. Суракта анын Фейсбукта жазгандары Украинадагы согушту колдоо жана пропагандалоо катары кабыл алынганы белгиленгенин билдирди.

Ошондой эле ал 13-март күнү Биринчи май райондук администрациясына тынч жыйындарга чогулууга уруксат берүү талабы менен акция өткөрүү үчүн уруксат сурап, аталган акимчиликке кайрылганын, алар тараптан баш тартуу болбогонун кошумчалады.

Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы укук коргоочуларга акимчиликтин имаратынын айланасында акция өткөрүүгө уруксат берилбеси жазылган билдирме 10-мартта берилгенин "Азаттыкка" маалымдаган.

13-март күнү эртең менен Бишкектин ШИИБ кызматкерлери Исмаилованы, Бөрүбаеваны жана оператор журналист Булат Сатаркуловду кармап кетишкен. Кийинчерээк Сатаркулов кое берилген.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы алардын мекемеге жеткирилишине Исмаилованын соцтармактарда жазгандары негиз болгонун билдирген. Анда "12-март күнү Фейсбуктагы Tolekan Ismailova аккаунтунун баракчасында чет жактагы куралдуу жаңжалдардын бир тарабын колдогон посттор, чакырыктар жарыяланганы, ал посттордун алдына башка пайдалануучулар көптөгөн жагымсыз жана сындаган комментарий жазганы аныкталганы" жазылган. Бул факт Бишкек ШИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганы кошумчаланган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG