Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Өкмөт өкүлү күйүүчү майдын кымбатташына жол берилбей турганын айтты

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбейт, бул маселе Министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов 13-мартта журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баа тобокелчиликтери изилденип чыкты:

"Баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин негизги күйүүчү май жеткирүүчүбүз Орусия жана бизге бөлүнгөн квоталар бар. Орусия тышкы таасирлерге карабастан күйүүчү май биздин рынокко кадимки тартипте жеткирилерин убада кылууда", - деди Сейитов.

Министрдин орун басары ошондой эле жазгы айдоо иштери учурунда дыйкандар үчүн дизелдик күйүүчү майга да тийиштүү чекте баа белгиленгенин кошумчалады. Ал ишкерлерден күйүүчү майдын баасын жер-жерлерде да көтөрбөөгө чакырып, бул элдин капчыгына урулган сокку болорун жана инфляциянын күч алышына алып келерин белгиледи.

Буга чейин Кыргызстандын Монополияга каршы тескөө кызматы өлкөдө күйүүчү май көйгөйү жоктугун билдирген.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясына байланыштуу Тегеран Ормуз кысыгын жапкан. Дүйнөлүк мунайдын 20% өткөн Ормуз кысыгы бөгөттөлгөндөн кийин Перс булуңундагы ири мунай компаниялары өндүрүштү кыскартып, баа жогорулап кетти. 12-мартта дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине кайрадан 100 доллардан ашты.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) өкүлү АКШга кайрылуусунда "мунайдын баасы баррелине 200 долларга жетерин" айтып, буга даяр болууну эскерткен.

АКШ менен Израил Иранга 28-февралдан бери сокку уруп жатат. Тегеран буга жооп иретинде Израил менен Перс булуңундагы америкалык базаларга жана араб өлкөлөрүнө чабуул коюуда.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG