Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Тамакка ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн жетөө үйүнө чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Буффет" ашканасынын тамагына ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн бейтаптардын жетөө сакайып, үйүнө чыгып кетти. Бул тууралуу 13-мартта аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди. Алиев ошондой эле оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бейтаптын да абалы жакшырганын кошумчалады:

"12-март күнү аны жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага чыгардык. Абалы жакшы".

Алиев кечээ ашкана тамагына ууланган дагы бир адам кайрылганын, ошону менен жалпы уулангандардын саны 21 болгонун айтты.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, Бишкекте "Буффет" ашканасынын тамагына уулануу 8-март күнү болгон, алгачкы симптомдор менен бейтаптар 9-мартта кайрыла башташкан. 10-март күнү уулануу катталган - Байтик баатыр 18 дарегиндеги ашкана окуянын себеби толук аныкталып, такталганча жабылган. Компанияга 23 миң сом айып пул салынган.

"Буффет" ашканасынан тамактанган соң ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны жыйырмага жеткени, бир киши оор абалда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган.

"Буффет" компаниясы маалыматты комментарийлеген эмес, ашкананын башка филиалдары кадимкидей иштеп жатканы кабарланды.

Санэпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылы адамдар коомдук тамактануучу жайлардан ууланган 159 окуя катталган. Быйылкы жыл башынан бери эки жапырт уулануу болду. Буга чейин январдын ортосунда Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактан ууланып 23 адам ооруканага кайрылган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG