"Сезим" кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» деген эстелик белгисине татыды. Эстелик белгисин тапшыруу салтанаты БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан сессиясы алкагында 13-мартта тапшырылды.
Бул сыйлык менен кыргызстандык аялдардын укугун коргоо кыймылынын ардагери Рыскулованын аялдардын укугун жана ар-намысын коргоо ишине арнаган көп жылдан берки эмгеги белгиленди.
Рыскулова дээрлик 30 жыл мурда Кыргызстанда аялдар үчүн алгачкы кризистик борбор ачып, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана аял укугун коргоо кыймылынын баштоочуларынын бири болгон. Анын демилгесин жана коомдук ишмердүүлүгүн улай өлкө аймагында башка да кризистик борборлор уюштурулуп, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин көйгөйүнө коомчулуктун көңүлү бурула баштаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация бул күндөрү Нью-Йоркто Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясына арналган иш-чараларга катышууда. (RK)
Шерине