Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Жергиликтүү 137 судьянын сот иштерин кароодо көрсөткүчтөрү төмөн экени аныкталды

Кыргызстанда 2025-жылы 441 судьянын 137синин кабыл алган сот актыларынын күчүндө калуу көрсөткүчү төмөн деп бааланды. Бул жергиликтүү соттордо иштеп жаткан жалпы судьялардын санынын 31% түзөт. Башкача айтканда, 137 судья чыгарган өкүмдөр кийинки инстанцияларда жокко чыккан учурлар көп болгон.

Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 12-мартта аталган соттук мекеменин пленумунун жыйынында айтты.

Расмий маалымат боюнча, былтыр жергиликтүү соттор 280 миң 308 соттук иш жана материал караган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 13,52% көп. Мындан эки жыл мурун жергиликтүү соттор 246 миң 931 ишти караган.

Медербек Сатыев соттук иштердин көбөйүшүн калктын санынын өсүшү, жарандардын укуктук сабаттуулугунун жогорулашы, коомчулуктун сот системасына болгон ишеними менен байланыштырды. Андан тышкары буга укук бузуу, кылмыштуулуктун көбөйүшү, жарандык, административдик талаштардын санынын өскөнү да негиз болгонун кошумчалады. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG