Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Венгрия Украинанын инкассатор унаасын кайтарып, акча менен алтынын алып калмай болду

Украинанын мамлекеттик банкы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын мамлекеттик банкы. Иллюстрациялык сүрөт.

Будапешт Украинанын мамлекеттик "Ощадбанкына" жакында камакка алынган эки инкассатор унаасын кайтарууну чечти, бирок унаалардагы акча менен алтын Венгрияда каларын "Европейская правда" басылмасы иш боюнча маалыматы бар эки булагына шилтеме кылып жазды.

Унааларды украин тараптын адвокаттарына өткөрүп берүү ниетин өкмөт расмий иликтөө жүргүзүүнү тапшырган венгер Улуттук салык жана бажы кызматынын тергөөчүлөрү билдирген.

Басылма ошол эле учурда унаалардын абалы тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады. Анын жазганына караганда алтын жана акча Венгрияда калышы жергиликтүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келет, өзгөртүүнү бийлик ушул аптада каражаттарды конфискациялоого укуктук негиз түзүү үчүн шашылыш түрдө бекиткен.

5-мартта Венгрияда Терроризмге каршы күрөшүү борборунун атайын операциясы учурунда май куюучу бекеттердин биринен Венадан Украинага 40 млн доллар, 35 млн евро жана тогуз кг алтын ташып бара жаткан жети украиналык инкассатор кармалган. Арам акчаны адалдоо шеги менен кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк инкассаторлор Украинага өткөрүлүп берилген.

Украинанын Улуттук полициясы да Венгрияда "Ощадбанктын" кызматтык унаасы жана украин жарандарынын уурдалышы боюнча кылмыш ишин козгогон.

9-март күнү украин Тышкы иштер министрлиги Венгриянын элчиси Антал Гейзерге кишилерди жана баалуу каражаттарды барымтага алууга байланышкан нааразылык нотасын тапшырган. Украинанын президенти Владимир Зеленский муну бандиттик деп сыпаттаган.

Киев менен Будапешттин мамилеси көптөн бери чыңалып келген, айрыкча Москва менен тыгыз байланышта болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусиянын Украинга басып киргенине байланыштуу Евробиримдиктин негизги чечимдерине бир нече жолу каршы чыккан. Украина "Дружба" мунай кууру аркылуу Венгрияга орусиялык энергоресурстарды өткөрүүнү токтотуп койгон деп шектелгенден кийин чыңалуу ансайын күчөдү. Украина куур Орусиянын соккуларынан улам бузулган деп билдирген. Будапешт бул саясий себептерден улам деп эсептейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG