Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

"Крокус" иши: Москва соту 15 кишини өмүр бою эркинен ажыратты

 «Крокус Сити Холлдогу» терактка айыпталгандар сот залында. 4-август, 2025-жыл.
«Крокус Сити Холлдогу» терактка айыпталгандар сот залында. 4-август, 2025-жыл.

Москванын Экинчи Батыш аймактык аскердик соту «Крокус Сити Холл» концерттик залында 2024-жылдын мартында уюштурулган теракт боюнча өкүм чыгарды.

Mash басылмасы билдиргендей, сот терактты түздөн-түз аткарган деп эсептелген төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Алар Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Фаридуни Шамсиддин жана Мухаммадсобир Файзов. Ушундай эле катаал жаза терактты уюштурууга жардам берди деп айыпталган дагы 11 адамга чегерилди.

Кол салгандарга машине берди делген Исроил, Диловар жана Аминжон Исломовдор 19 жыл 11 айга эркинен ажыратылды. Ал эми батирин ижарага берген деп айыпталган Алишер Касимов 22 жыл 10 айга соттолду.

Соттолгондордун дээрлик баары теги тажикстандыктар. Алишер Касимов теги кыргызстандык Орусиянын жараны.

Сот жараяны жабык өттү.

Крокустагы теракт боюнча сот процесси 2025-жылдын 4-августунда башталган. Ишти Экинчи Батыш аймактык аскер сотунун үч судьясы жабык караган. Бул иш боюнча жалпы 19 адам айыпталган.

Кандуу чабуул 2024-жылдын 22-мартында болгон. Москва облусундагы «Крокус Сити Холлго» концертке чогулгандарды камуфляж кийген белгисиз адамдар туш келди аткылай башташкан. Андан кийин концерт залынын имаратына күйүүчү май чачып өрт коюшкан. Расмий маалымат боюнча кол салуудан 149 киши набыт болуп, 600дөн көп адам жабыркаган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Бул чабуул Орусиянын азыркы тарыхында Бесландан кийинки эң кандуу теракт болуп калды.

Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюмунун бир канаты саналган «Вилаят Хорасан» уюму өз мойнуна алган.

Ошол эле учурда Орусиянын бийлиги окуяда «украин изи» бар экенин айтып келет. Тергөө комитети тараткан билдирүүдө «кылмыш Украинадагы азыркы бийликтин кызыкчылыгы үчүн, саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында пландалып, ишке ашырылган» деп белгиленген.

Украина бул кандуу окуяга катышы бар деген айыптоолорду кескин четке кагып, Орусиянын билдирүүсүн жалган жана чагым деп атаган.

Укук коргоочулар, айрым саясатчылар терактты тергөөдө алешемдиктер көп кеткен деп эсептешет. Алардын айтымында, айыпталуучулар кыйноого, ур-токмокко, кысымга туш болуп, күнөөсүн моюнга алууга аргасыз болушкан.

"Крокус-Ситидеги" теракт Орусияда ксенофобиянын толкунуна түрткү берди. Парламент мигранттардын, алардын балдарын чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG