АКШда Орусиянын президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөнүн Ак үйдүн Украина боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф билдирди. Анын айтымында, жолугушуу 11-мартта Флоридада өттү, анда америкалык делегациянын курамында АКШ президентинин кеңешчиси, күйөө баласы Жаред Кушнер жана федералдык сатып алуулар боюнча комиссар Жош Груенбаум болду.
Груенбаум жыл соңунан бери Орусия менен АКШнын делегацияларынын ортосундагы жолугушууларга катышып келет, бирок анын сүйлөшүүлөрдөгү ролу ачык айтыла элек.
Уиткофф бул жолку жолугушуу тууралуу "командалар ар кандай темаларды талкуулап, байланышта болууну макулдашышты" деп, ал эми Дмитриев сүйлөшүүлөрдү "жемиштүү" деп аташты. Мындан башка кеңири маалымат айтылган жок.
Кезектеги сүйлөшүүлөр АКШ Израил менен биргеликте Иранга каршы аскердик операция жүргүзүп, Тегеран каршылыгын көрсөтүп, ошонун айынан Жакынкы Чыгыштагы мунай кризиси жаралган чакта өттү.
Соккуларга жооп катары Тегеран Ормуз кысыгын де-факто жаап салды, бул дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын баасынын бир топ жогорулашына алып келди. Аталган кысык аркылуу мунайдын болжол менен 20 пайызы дүйнөлүк рынокко жөнөтүлөт. Түзүлгөн жагдайдан улам АКШ Индияга деңиздеги танкерлерде сакталган орус мунайын сатып алууга убактылуу уруксат берди. Вашингтон эгер мунай базарында туруксуздук жаралса орус мунайына карата санкцияларын алып салышы же жумшартышы мүмкүн деген да маалыматтар тарап жатат. Санкциялар орус бийлиги Украинага каршы согуш ачканы үчүн, анын согуштук мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында жарыяланган. (RK)
Шерине