Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Можтаба Хаменеи алгачкы кайрылуусунда Ормуз кысыгын бөгөттөө уланарын айтты

Ирандын жаңы жогорку лидери, аятолла Можтаба Хаменеинин билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдан окушту
Ирандын жаңы жогорку лидери, аятолла Можтаба Хаменеинин билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдан окушту

12-мартта Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу жаңы жогорку лидер аятолла Можтаба Хаменинин алгачкы билдирүүсүн окуп берди. Бийликти атасынан мурастап алган кенже Хаменеи акыркы жолу АКШ менен Израил Иранга каршы чабуулду баштаган 28-февралга чейин калың эл алдына чыккан. Аны эксперттер кеңеши жогорку кызматка 8-мартта тандаган.

“Ормуз кысыгын бөгөттөө куралын мындан ары да колдонуу зарыл. Душмандын тажрыйбасы аз жана чабал жерлерде башка фронт ачуу иликтенди. Согуш улана берсе жана стратегиялык максатка жараша ошол майдандарды ачабыз”, - деп айтты Можтаба Хаменеи.

Кара май ташуунун маанилүү жолу болгон Ормуз кысыгы дээрлик толугу менен жабылгандан кийин Перс булуңундагы өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтып, баалар кескин көтөрүлүп кетти.

Үстүбүздөгү аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Иран кысыкты миналоого аракеттенсе, болуп көрбөгөндөй чабуулга кабыларын эскерткен.

Хаменеи ошондой эле Тегеран кошуналары менен достук мамилеге ишенерин, ал өлкөлөрдө жайгашкан америкалык базаларга гана сокку уруп жатканын жана АКШ ошол базаларды алып чыгууга тийиштигин же болбосо алар бутага алына берерин билдирди.

Ислам жумуриятын АКШ менен Израилдин операциясы башталгандан бери Израилди гана эмес, Перс булуңундагы өлкөлөрдү аткылап келатат.

Можтаба Хаменеи атасынын өлүмүнө токтолуп, бардык шейит кеткен кишилер үчүн өч алышарын эскертти.

Ислам жумуриятынын мурдагы жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи 28-февралда Тегерандагы резиденциясына сокку урулганда каза тапкан. Аны менен кошо үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсү, арасында жубайы жана келини (Можтабанын аялы) болгон.

Кээ бир маалымат каражаттары жаңы лидер өзү да жарадар болгон деп жазышкан.

Можтаба Хаменеи Минаб шаарындагы кыздар мектебиндеги кандуу окуяга да кайрылып, аны “душмандын атайылап жасаган кылымышы” деп сыпаттады. Жергиликтүү бийлик 28-февралдагы окуяда бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.

Ушу тапта америкалык аскерлер сөз болгон кан төгүүнү териштирүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG