13-март күнү Бишкектин шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, эколог активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор журналист Булат Сатаркуловду кармап кетишкен.
Бул тууралуу маалыматты алгач журналист Адил Турдукулов жарыялаган. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, саат 13:00гө карата алар милицияда сурак берүүдө:
"Булар Биринчи май райондук администрациясында тынч митингдерди өткөрүүгө уруксат берүү талабы менен акция өткөрүшмөк. Бирок ал жакка жеткирбей эле кармап кетишти. Азыр баары милицияда сурак берип жатышат".
Маалыматты Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы ырастады.
Милиция "Т.И., Б.Б., жана Б.С. аттуу жарандар санкцияланбаган митинг өткөрүүнү көздөгөн" деп билдирди. Алар ошондуктан кармалганын кабарлап, сот чечимине ылайык, жыйын-митингдерди жарандар Горький бакчасынын аймагында гана тийиштүү тараптарга алдын ала кабарлоо менен өткөрө аларын белгилди.
Ошондой эле Бишкек милициясына алар "жагдайларды аныктоо максатында" жеткирилгени, тиешелүү материалдар расмийлешкен соң кармалгандар коё берилери жазылган.
"Колдо болгон маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имаратынын жанында "Жарандардын тынч жыйынга чогулуу эркиндиги" деген аталыштагы акция өткөрүү пландаштырылган", - деп билдирди мекеме.
Мындан тышкары милиция 12-март күнү Фейсбуктагы Tolekan Ismailova аккаунтунун баракчасында чет жактагы куралдуу жаңжалдардын бир тарабын колдогон посттор, чакырыктар жарыяланганын, ал посттордун алдына башка пайдалануучулар көптөгөн жагымсыз жана сындаган комментарий жазганы аныкталганын билдирди. Бул факт Бишкек ШИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганы да айтылды.
Укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.
Маалымат жазылып жатканда милиция кармаган экөө - активист Бермет Бөрүбаева менен оператор Булат Сатаркулов милицияга сурак берип чыгышканы маалым болду.
Буга чейин Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын тергөөчүсүнүн тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы тууралуу материалын жарыялаган.
Төлөкан Исмаилова башка укук коргоочулар менен чогуу Бишкектин негизги аянттарында тынч жыйындарды өткөрүүгө салынган тыюу боюнча 13-мартта Биринчи май райондук администрациясына каршы райондук сотко арыз берүүнү пландап жатышкан. (ZKo)
Шерине