Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 13-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.
ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Депутаттын жардамчысы бул тууралуу кабары жок экенин айтты.
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жатат. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү” делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Шаирбек Ташиевге окшош адамды көрүүгө болот. Анын маӊдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Бирок анын бети-башы көрүнгөн эмес.
Тасмада Жусупбек Коргонбай уулу делген киши Шаирбек Ташиев экени көрсөтүлгөн адамга казиного 1 млн 350 миӊ доллар уттуруп жибергенин айтып жатканын көрүүгө болот. Шаирбек Ташиев делген киши сумманы тактап, “1 млн 320 миӊ доллар” деген.
Жусупбек Коргонбай уулу деп көрсөтүлгөн адам “кийин ага кримтөбөл Камчы Көлбаев чалып “Грузиядан акча уттуруп келиптирсиңер, жолугалы” деп айтканын, ага жолукканын билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев да чалып, анын буйругу менен депутаттык мандатын тапшырганын сүйлөгөн.
Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. Шаирбек Ташиев бул тасма тууралуу азырынча комментарий бере элек. Ал эми Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев менен казино тууралуу сүйлөшүү болгонун ырастаган.
Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. (BTo)
Шерине