Сузак райондук соту 11-мартта узак убакыт бою алимент төлөөдөн баш тартып келген жаранды бир жылга эркиндигинен ажыратты. Сот аткаруучулар кызматынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, А.Л.А. аттуу жаран "бир баласын багуу үчүн алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып келген".
Натыйжада анын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, кылмыш иши козголгон.
Кыргызстанда жашы жете элек балсына алимент төлөөдөн баш тартканы үчүн жарандар соттолуп, эркиндигинен ажыратылган учурлар быйыл жыл башынан бери гана каттала баштады.
Февраль айында 500 миң сомдон ашуун алимент карызы бар жаран Баткен райондук сотунун чечими менен эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынган. Марттын башында Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран да эки жылга соттолуп, дароо камакка алынды.
Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөбөй жүргөндөр менен иштеп, мисалы, жакында Токтогулда 1 млн сомго жакын, Ноокатта 500 миң сомдон ашуун алимент каражатын балдарына өндүрүп беришкен.
Башкы прокуратура 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнүн билдирген.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, учурда алимент карызы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт. (ZKo)
Шерине