Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн Ж.у. С. аттуу жаран сот чечими менен эки жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы 3-февралда маалымдады.
Маалыматка ылайык, Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде карызкор Ж. у. С. баласы 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин 1/4 бөлүгүн төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай ал алимент төлөөдөн качып келген.
2025-жылдын 1-сентябрына карата алимент боюнча карызы 501 821 сомду түзгөн.
Жыйынтыгында ага Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү - "Ата-эненин баласын же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга сот чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу" менен айыбы угузулган. Ишти Баткен райондук соту карап, 2025-жылы 22-октябрда ага 2 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган.
Жабыркаган тарап соттун бул чечимине макул болбой, жогорку сот бутагына кайрылган.
Баткен облустук соту 2-февралдагы өкүмү менен биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды жана карызкор А. у. Ж. эки жылга эркиндигинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.
Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн баш тарткан жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Декабрь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгы балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн Кадамжай районунун тургуну кармалганын билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал 474 856 сом алиментин төлөбөй жүргөн.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.(ZKo)
Шерине