Кара-Кулжа районундагы Жүлгүр жайлоосунда кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.
31-январь күнү жергиликтүү жарандардын тобу жайлоого мергенчиликке барышкан учурда кар көчкү жүргөн. Натыйжада 37 жаштагы адамды көчкү басып калган.
Издөө иштерине министрликтин аймактагы ыкчам тобу, 12 куткаруучу дрон, милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундардан ыктыярчылар - жалпы 126 адам, атайын техника тартылганы кабарланган.
Мекеме күн жылыганына байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин акыркы жумаларда эскертип келет. (ZKo)
Шерине