Кыргызстандын Көк бөрү федерациясына Акылбек Эшимов президент болуп шайланды. Шайлоо 3-февралда Бишкекте федерациянын кезектеги жыйынында болду.
Федерациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга 74 делегат катышып, алар мурдагы президент Рамис Жунусалиевдин отчётун угушту жана өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алышты.
Акылбек Эшимов 2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2015-2022-жылдары Алыш күрөшү боюнча улуттук федерациянын президенти кызматын аркалаган.
Акыркы жылдары Кара-Суудагы көк бөрү федерациясын жетектеп келген.
Рамис Жунусалиев былтыр декабрда алдамчылыкка шек саналып, камакка алынганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлаган. Маалымат боюнча өзү же адвокаты комментарий берген эмес.
Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2023-жылы октябрда шайланган.(ZKo)
Шерине