Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

"Шамал" кайдан согуп жатат? 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу жанданды

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу башталды. Бир катар саясатчылар, активисттер буга байланыштуу пикирин айтып, жазып чыгышты.

Айрым байкоочулар бул кандайдыр бир кампания өңдөнө баштаганын белгилеп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө ким кызыкдар дегендей суроолор күн тартибине чыкты. 2021-жылы январда Садыр Жапаров алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган. Бийлик башчылары буга байланыштуу азырынча бир ыктай үн ката элек.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо тууралуу сөздөр президент Садыр Жапаровдун ант кармап, кызматка киришкенине беш жыл толгону тууралуу макалаларга байланыштуу жанданды.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова журналисттерге берген комментарийинин биринде мындай шайлоону мөөнөтүнөн мурда быйыл өткөрсө теориялык жактан болот дегендей пикири менен бөлүшкөн.

Аны айрым журналисттер, саясатчылар жана соцтармактардын активдүү колдонуучулары жана активисттер көбүрөөк тарата баштаган. Сооронкулова "Азаттыкка" комментарий берип жатып жөн гана пикирин билдиргенин айтты.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова

"Инаугурациянын беш жылдыгына байланыштуу пикиримди сурашкан, мен эч оюмда жок эле ошондой болушу теориялык жактан мүмкүн дегендей оюмду айткам. Анан ошону пайдаланып кетишти. Кошоматчылардын баары колдоп киришкенинен өзүм дагы таң калып, оозум ачылып калды. Каяктан гана айта койдум экен деп жүрөм. Мен аны жөн эле теориялык жагын айтып койгом".

Бирок Сооронкулованын пикири менен башталган талкуу соңку күндөрдө социалдык тармактарда кызуу жүрүп жатат.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү зарыл деп бир катар саясатчылар, парламенттин мурдагы депутаттары жазып жатышат.

Бир катар эксперттер мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мыйзамдык жактан оңой-олтоң болбосун белгилешет.

2021-жылы январда Садыр Жапаров алты жылдык мөөнөткө шайланган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого президент өз эрки менен отставкага кетсе же импичмент жарыяланса, же кызматын аткара албай калса деген негиздер так көрсөтүлгөн.

Эгер өз эрки менен кызматтан кетсе ал кайра шайлоого бара албай калат.

Парламенттин экс-депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына өз оюн жазды жана өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин тушундагы жагдай менен салыштырды.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев

"Мен көптөгөн жылдар бою депутат болгом жана мыйзамдар эмнеге жана кантип өзгөрүлгөнү тууралуу кабарым бар. Тарых кайталанып жатат. Бир канча жыл мурун Аскар Акаевдин алдында президенттикке дагы талапкер боло алабы же жокпу деген суроо жаралган. Анткени ал 1990, 1991 жана 1995-жылдары, андан кийин 2000-жылы шайлоого катышкан. Конституциялык сот алгачкы жылдар эсептелбейт, анткени алар башка шартта өткөн дегендей корутунду чыгарган. Бир сөз менен айтканда, ага уруксат беришти, Конституцияны өзгөртүүдөгү айрым өткөөл беренелер анын жеке өзүнө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле "өткөөл жоболор" менен Роза Отунбаеваны "шайлашты". Ал кайсы бир топ дайындаган президенттин милдетин аткаруучу болду, ошондуктан бул жерде баары акылга сыйгыс эле. Азыр дагы ошондой жагдай жаралды. Садыр Жапаров 2021-жылы шайланган. Ошол маалдагы Конституцияда президенттикке бир жаран алты жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайлана алат деп белгилеген. Кийинки жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн үстүнөн убагында Аскар Акаевди да тейлеген юристтер иштеген. (Буга чейинки президенттер ойлоп тапкан) "өткөөл жоболорду" киргизүү менен жеке Садыр Жапаровдун дагы бир жолу шайлоого барышына жол ачылган. Алты жылдык мөөнөттү беш жыл деп эсептесе болот дешкен. Ошондуктан парламент деп отурбай мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү логикага шайкеш болот. Бул, өз кезегинде, укук таануучулар арасындагы тымызын чыңалууну басаңдатмак. Бирок бул жерде башка шектенүү жаралат. "Келерки президенттик шайлоого Садыр Жапаровдун талапкерлигин койгонго укугу барбы?" деген башка шектенүү жаралат. Менин ишенимимде андай укугу жок. Албетте, башка пикири барлардын баарын акмак деп атап, уруп дагы ойнобой койсо болот. Бирок ал легитимдүүлүк маселесин чечпейт",-деп жазды Масалиев.

Масалиев буга чейинки комментарийлеринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келерки президенттик шайлоого катышууга бышып жетти дегендей дагы оюн айткан жана мындай пикирди Ташиевдин тарапташтары, санаалаштары кеңири жайылтып кирген. Атайын кызматтын төрагасы президент болуу тууралуу ниетин ачык билдире элек.

Жарандык активист Мукай Керимбаев президенттик шайлоого байланыштуу талкууларды кадыресе көрүнүш деп атады.

"Кыргызстанда кайсы бир саясий өнөктүк жакындап калганда ар ким өз пикирин айтканы кадимки эле көрүнүш. Азыркы президенттин шайланганына, мына, беш жыл болбодубу, демек, келерки президенттик шайлоо жакындап калды десек болот. Ошого байланыштуу эми, баягы, саясий аналитиктер, активисттер, өз алдынча журналисттер дейбизби, бардыгы өзүнүн пикирин жазып, айта баштады. Менимче, бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Себеби буга чейин деле, мисалы, парламенттик шайлоо башталардын алдында деле ар кандай сөздөр, шайлоого барчу талапкерлер тууралуу сөздөр болбоду беле. Эми Исхак Масалиев деле "Ташиев шайлоого даяр болуп калды" деп жеке өзүнүн пикирин айтты окшойт. Эми ал киши дагы генерал кандай иштеп жатканын, кылган иштерин, эл арасындагы кадыр-баркын көрүп жатат да. Ушундан улам эле айтып койду окшойт. Алдыдагы президенттик шайлоодо ошол мөөнөтү келген учурда ким барат, кандай болот, анан эми өздөрү чечсе керек",-деди Керимбаев.

Деген менен соңку талкуу бийликтеги саясий тандем тууралуу сөздөрдү козгоду.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына ушул өңүттөн алганда эрте шайлоо керектигин жазды:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов

"Бул талкуу узакка созула берсе өлкөдөгү кырдаалга сөзсүз таасир этери белгилүү. Талаш-тартыш күчөй берсе, эки достун ортосуна от жагуу аракеттери улана берсе коомдо жарылууну, бөлүнүүнү күчөтөт. Андыктан парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөргөндөй эле президенттик шайлоону да мөөнөтүнөн мурда өткөрүү зарыл деп эсептейм. Шайлоого эки дос буга чейин достугун элге көрсөткөндөй бир муштум болуп, бири-бирин колдоп, ынтымакта барышын каалайм. Анткени өлкөнүн келечеги, туруктуулугу, өнүгүүсү эки достун ынтымагына, биргелешкен аракетине байланыштуу".

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Боршайкомдун мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чамасы жетерин билдирди.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев

"Бүгүнкү мыйзамдын талаптарына, шарттарына ылайык БШК даяр эле. Бирок парламент президенттик шайлоону 2027-жылдын 24-январында деп белгилеп койгон. Президенттик шайлоо болсо анын парламенттик шайлоодон көп деле өзгөчөлүгү болбойт. Парламенттик шайлоодо 30 округ болду да. Бул жерде жалпы бир эле округ болот. Аралыктан добуш берүү ыкмасы кала берет. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөргө талаптар бар. Ошолорду аткаргандар боло берет. Анан мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленип калса анда үгүт өнөктүгүнүн мөөнөттөрү кыскарып калат".

Ошол эле учурда айрым саясатчылар президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү туура эмес болорун айтып жатышат. Маселен, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов ушул жылы өлкөдө ШКУнун саммити баш болгон бир катар иш-чаралар өтөрүн жүйө кылып, быйыл шайлоо өткөрүү максатка ылайык келбесин билдирген.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген.

Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары белгилүү болгон. Бул тууралуу вице-премьер Эдил Байсалов, кийин маалымат катчысы Аскат Алагөзов да айткан.

Жапаров да кийинки шайлоодо талапкерлигин койсо шайлоочулардын 80% ашыгын алам деген ишенимин билдирген.

Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
please wait

No media source currently available

0:00 1:10:18 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG