Орус армиясы 3-февралга караган түнү Украинанын Киев, Днепр, Харьков, Одесса жана башка шаарларына дрон жана ар кандай ракета менен жапырт сокку урду.
Киевде көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. Баш калаанын мэри Виталий Кличконун айтымында, Печерский районунда дрондун сыныктары май куюучу жайдын аймагына түшүп, станциянын имараты, төрт унаа жана электр зымдары жабыркаган. Кличко түнкү чабуулдан кийин Киевде 1170тей үй жылуулуксуз калганын белгиледи.
Харьков шаарында соккулардан улам 100дөн ашуун жарандарга жардам көрсөтүү бекеттери ачылды. Бул узакка электр энергиясы, жылуулук жана байланыш өчүрүлгөн учурда жарандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын жабдылган жайлар.
Одесса облусунун бийлиги билдиргендей, жапырт аба чабуулдан улам аймактын түштүгүндөгү энергетикалык инфраструктура жабыркады. Натыйжада 50 миңден ашуун тургун убактылуу электр жарыксыз калды.
Днепр шаарында түн ичинде инфраструктуралык объект, эки жеке турак жай, үч кабаттуу үй жана жатакана жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.
Орусиянын аскерлери Сумы облусуна да сокку урган. Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына ылайык, чабуулдардын натыйжасында төрт адам жабыркаган.
Чабуул 4–5-февралда Абу-Дабиде өтөрү күтүлүп жаткан Украина, АКШ жана Орусия сүйлөшүүлөрүнүн алдында болду.
Украинанын Аба күчтөрү 3-февралга караган түнү орус армиясы 450 дрон жана ар түрдүү ракеталар менен чабуул койгонун маалымдады.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү жапырт сокку "жогорку тактыктагы куралдар" менен Украинанын аскердик-өнөр жай комплексине тиешелүү ишканаларга жана аларга кызмат кылган энергетикалык объектилерге жасалганын билдирди.
Шерине