Президент Садыр Жапаров диниятчы Чубак Жалиловго “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал 3-февралда Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алган учурда билдирген.
Агенттиктин төрагасы мекеменин иш пландары жөнүндө маалымат берип, артыкчылыктуу багыттарды атаган. Ал ошондой эле уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүү тууралуу маалымдап, президенттен эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүнгөн.
“Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирди, ошондой эле диний ишмер жана агартуучу Чубак Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады”, - деп айтылат президенттин сайтында жарыяланган маалыматта.
Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов 45 жашында 2020-жылдын июль айында коронавирустан каза болгон.
Ал 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусундагы) Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Андан кийин үч жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.
Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген.
Шерине