АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-мартта билдиргендей, май куюучу KC-135 учагы Ирактын батышында кулап түшкөндө экипаждын төрт мүчөсү каза тапты.
“Борттогу алты кишинин төртөө набыт болгону тастыкталды, куткаруу иштери уланууда”, - деп жазды CENTCOM социалдык тармактагы постунда.
Маалыматка караганда, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө, учак душмандын же өнөктөштөрдүн кокустан аткылоосунан кулабаганы аныкталды. Болжолу менен эки учак асманда кагылышып кеткен.
Командачылык экинчи учак аман-эсен Израилге конгонун билдирди.
KC-135 башка учактарга асманда май куюу миссиясын аткарат.
2-мартта америкалык аскерлер үч F-15 истребители Кувейтте кулаганын, аларды ал өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү жаңылыштык менен атып түшүргөнүн билдиришкен.
Экипаждардын алты мүчөсү парашют менен түшүп үлгүргөн, кийин куткаруучулар аларды табышкан.
Шерине