Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев парламенттин 11-июндагы отурумунда майыптыкты аныктоо көйгөйүн көтөрдү.
Депутат бул тууралуу “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда билдирди. Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыкты аныктоочу социалдык экспертиза комиссиясы (МСЭК) менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык чабал болуп жатканын белгиледи.
"Эки министрликтин ортосундагы иште үзгүлтүк болуп жатат. Балдарына майыптыкты аныктоо үчүн комиссиядан өтүүгө кезекти ата-энелер күндөп күтүшөт. Кыйналып жатышат. Ошондуктан, эки министрликтин байланышы үзгүлтүксүз болушу керек. Майыптык берүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги балдарды МСЭКке жиберет. Ал жерде балдардын психологдору жетишсиз. Экинчиден ал жерде электрондук форматта документ жиберүүнү билбеген адамдар отурат. Аларга ошону үйрөтүү керек", - деген Кыдыралиев система иштебей жатканын белгиледи.
Суроолорго жооп берип жаткан баяндамачы - Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров маселени көзөмөлгө алууга убада берди.
Кыргызстанда ата-энелер балдарына майыптыкты аныктоодо бюрократиялык көйгөйлөргө дуушар болушканын билдирип, нааразы болгон учурлар арбын.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашат. Алардын ичинен 15 миңдейи туруктуу кароого, багууга муктаж. (ZKo)
Шерине