Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев 15-апрелге чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-февралда чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Сыдык Дүйшөмбиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болду.
Социалдык тармактарда УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев “Пито” деген каймана ат менен белгилүү экени айтылып жатат жана аны укук коргоо органдары кармаган учурдагы видеосу тараган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Ага ылайык, Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп бекитилди.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. 17-февралда ал чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камалды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды. (BTo)
Шерине