Женевада Украина, Орусия жана АКШнын өкүлдөрүнүн катышуусунда согушту жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөр башталды.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, орус делегациясы сүйлөшүү өтө турган жерге полициянын коштоосунда барды. Кабыл алуучу тарап катары Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис катышууда.
Украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров билдиргендей, күн тартибинде коопсуздук жана гуманитардык маселелер бар.
«Биздин милдет туруктуу тынчтыкка жакындата турган чечимдерди мүмкүн болушунча алдыга жылдыруу», — деп жазды ал.
Эки күндүк сүйлөшүүлөр жабык форматта өтөт. Журналисттер киргизилбейт.
РИА Новости агенттиги билдиргендей, Женевадагы Intercontinental мейманканасына Британиянын делегациясы да барды. Аны премьер-министр Кир Стармердин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонатан Пауэлл жетектөөдө.
Маалыматка ылайык, ал АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ армиясынын министри Дэн Дрисколл менен жолукту.
Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, тараптар Абу-Дабидеги өткөн сүйлөшүүлөргө караганда кененирээк маселелерди, анын ичинде аймактык теманы талкуулашат.
Бул жолу украин делегациясынын курамына Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Умеров, президенттик кеңсенин башчысы Кирилл Буданов жана анын биринчи орун басары Сергей Кислица, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия жана Украинанын чалгын кызматынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий кирди.
АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө Стив Уиткофф, Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Дэн Дрисколл жана НАТО күчтөрүнүн Европадагы башкы командачысы Алексус Гринкевич катышууда.
Орус делегациясын бул жолу Чалгын кызматынын башчысы Игорь Костюков эмес, Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат. Ал 2022-жылдагы жана 2025-жылы Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө да делегацияны башкарган. Костюков делегация курамында калган. Ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев кошулган. Кремлдин маалыматына караганда, Дмитриев «өзүнчө багыт боюнча» иш алып барат. Жалпысынан орус делегациясы 15–20 адамдан турат.
Тараптардын айтымында, эң татаал маселелердин бири аймактык дооматтар. Москва украин аскерлерин Донбасстан чыгарууну талап кылууда. Киев болсо «турган жерибизде турабыз» деген позицияны карманып, аймактарды берүүдөн баш тартууда. Украина президенти өлкө аймагын «кимдир бирөөгө белек кылууга» ниети жок экенин бир нече жолу айткан.
Шерине