Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз иштерге аралашкан кызматкерлери жумуштан алынып, айрымдары камакка алынганын билдирди.
Атайын кызматтын 17-февралда тараткан маалыматында президент Садыр Жапаровун тапшырмасы боюнча Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызматта турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине каршы бир катар тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бирок кимдер кармалганы тууралуу так маалымат берген жок.
УКМК тергөө иш-аракеттери мыйзамдарды сактоо менен ишке ашырылып, УКМКнын жетекчилигине маалымат берилгенин кабарлады.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча принципиалдуу кадрдык чечимдер кабыл алынды. Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол берген адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынын курамынан чыгарылды. Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте акыркы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.
УКМК өлкөнүн бардык күч жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде иштей турганын, улуттук коопсуздукту жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Атайын кызмат УКМК ИИМ, Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы, сот системасы, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы сыяктуу мекемелерде кол тийбес адамдар жок экенин кабарлады. Мамлекет ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо, тартипти чыңдоо жана мыйзамдуулукту бекемдөө иштерин улантары айтылды.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Ага ылайык, Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору, Акылбек Намазовду атайын кызматтын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди.
Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камакка алынды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды. (BTo)
Шерине