Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

БШК депутат Элдар Сулаймановду мандатынан ажыратты

Элдар Сулайманов.
Элдар Сулайманов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Арыз жазууга эмне себеп болгону белгисиз.

Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу жаран күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG