Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Бишкек мэриясы: Профсоюз көчөсү көрүстөн аркылуу салынса 1364 сөөк көчүрүлмөк

Новопавловка айылындагы көрүстөн.
Новопавловка айылындагы көрүстөн.

Бишкек шаарынын мэриясы жол салуу үчүн Новопавловка айылынын тургундарынын Корсаков жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрүстөндү көчүрүүгө байланыштуу кайрылууларга жооп берди.

“Бишкек аза кызматтары агенттиги” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, эгерде жолду көрүстөндүн аймагы аркылуу өткөрүү чечими кабыл алынса, болжол менен 1364 маркумдун сөөгүн кайра көмүү талап кылынат. Анын ичинен 227си - мусулман, 1137си - христиан.

Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору көрүстөндө көмүлгөнүнө көп убакыт боло элек сөөктөр бар экенин, аларды башка жерге көчүрүү санитардык-эпидемиологиялык жактан кооптуу экенин эскерткен.

Бишкек мэриясы Профсоюз көчөсүнүн уландысын шаардын батыш тарабындагы Новопавловка айылындагы (ред: 2025-жылы Ленин районуна кошулган) көрүстөндү айлантып салуу чечимин кабыл алган. Муниципалитеттин маалыматында көрүстөнгө 2022–2024-жылдары 50дөн ашык адамдын сөөгү коюлганы аныкталган.

Мэрия баш калаанын Профсоюз көчөсүн дагы 8,5 чакырымга узартууну пландап жатат. Мунун алкагында төрт үй же көрүстөндүн кайсы бир бөлүгү сүрдүрүлүшү мүмкүн. Мэр Айбек Жунушалиев маселени талкуулоо үчүн 1-февралда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, айрымдар мүрзөнүн бир бөлүгүнүн алынышына каршы чыккан.

Профсоюз көчөсүнүн уландысы Бишкек–Кара-Балта айланма жолунун бөлүгү болот.

Маалымат боюнча, көрүстөн 1960-жылдары пайда болгон. Ал кезде аянты жети гектар болчу. Мэрия көрүстөндүн аянты чоңоюп отуруп, азыр 13 гектарга жеткенин кабарлаган. Көрүстөнгө ар улуттун өкүлдөрүнүн сөөгү коюлган. Арасында мусулмандар да, христиандар да бар. 2024-жылы бул жерге сөөк көмүү токтогон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG