Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Украина орусиялык айрым спортчуларга жана аткаминерлерге санкция салды

Аркадий Дворкович, Эл аралык шахмат федерациясынын башчысы.
Аркадий Дворкович, Эл аралык шахмат федерациясынын башчысы.

Киев "агрессияны колдогон, украин балдарынын уурдалышына тиешеси бар жана Украинанын басып алынган аймактарына мыйзамсыз барган" деген жүйө менен он чакты орусиялык спортчу жана аткаминерге санкция салды.

"Кара тизмеде" Эл аралык шахмат федерациясынын башчысы Аркадий Дворкович (Орусия президентинин мурдагы кеңешчиси), спортчулар Евгений Байдусов, Имам Ганишов, Владислав Ларин, Максим Храмцов, Светлана Гомбоева, Яна Егорян, Ангелина Мельникова, Мадина Таймазова жана Федор Чудинов бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жарлыгына ылайык, тизме украин спортчусу - скелетонист, олимпиадалык команданын мүчөсү Владислав Гераскевич тарабынан түзүлгөн петициянын негизинде түзүлгөн.

Гераскевич Италиядагы Олимпиада оюнунда согушта көз жумган украин спортчуларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн шлем менен катышкан. Кийинчерээк шлемди алмаштыруу талабын аткарбаганы үчүн оюндардан четтетилген.

"Украиналыктарга Олимпиадада Орусия баскынчылыгынын курмандыктарын эскерүүгө тыюу салып жатканы - адилеттиктен глобалдык артка кетүү. Биз адилеттикти калыбына келтиребиз", - деди Зеленский.

Маалыматка ылайык, санкциялар оккупацияланган Донецк, Луганск, Запорожье облустарына жана Крымга убактылуу баргандарга жана Орусиянын Украинага агрессиясын ачык жактап, орус аскерлери үчүн акча чогултуп, мыйзамсыз уурдалган украин балдары үчүн иш-чараларды өткөргөндөргө салынды.


Шерине

XS
SM
MD
LG