Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын дагы бир орун басары Тимур Шабданбеков кызматтан бошотулду. Президент Садыр Жапаров башка тескемеси менен Акылбек Намазовду атайын кызматтын жетекчисинин орун басары кылып дайындады.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, 55 жаштагы Акылбек Намазов 2025-жылдын март айынан бери Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келаткан. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “Аскерге чакырууга чейинки жана дене тарбия” адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында “Коопсуздук органдарынын оперативдүү ишмердүүлүгү” адистигин окуган. 2013-жылы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин бүтүргөн.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Ага ылайык, Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп бекитилди.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. 17-февралда ал чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан. (BTo)
Шерине