Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде же, башкача айтканда, кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 10-беренесине таянып берди. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону быйыл 24-сентябрдан кечиктирбей дайындашы керек.
17-февралда Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи.
Ага ылайык, Садыр Жапаров алты жыл иштейт жана президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт. Бул биринчи мөөнөт деп эсептелет. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Демек, Садыр Жапаровдун алты жылы биринчи мөөнөтү катары эсептелет.
Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.
Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. (BTo)
Шерине