Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү камактагы кыргыз жараны менен жолугушту

Индиана штатынын полициясы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж.
Индиана штатынын полициясы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү Америкада кармалган Бекжан Бейшекеев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 13-февраль күнү АКШнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Кентукки штатындагы Boone County Jail деп аталган түзөтүү мекемесинде кармалып жаткан кыргызстандык жаран менен жолугушту. Анда кыргызстандыкка укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук-укуктук кеңеш берилген.

Учурда штаттын укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы кабарланды.

ТИМ тараткан маалыматка караганда, буга чейин министрлик кармалган жарандын жакындары жана ал иштеген трак компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушууларды өткөрүп, мындан аркы кадамдар жана укуктук коштоо маселелери талкуулаган.

Башкы консулдук түзөтүү мекемесинин администрациясы, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын аймактык бөлүмү, ошондой эле жарандын туугандары жана жакындары менен байланышта, бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин көзөмөлүндө экени белгиленди.

Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаментинин маалыматына караганда, 3-февраль күнү Бекжан Бейшекеев жүк ташуучу 18 дөңгөлөктүү автоунаасын каршы тилкеге буруп, жети кишилик машине менен кагышкан. Кырсыкта төрт америкалык жаран каза тапкан. Алар 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод.

Индиана штатынын полициясынын маалыматына ылайык, адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы Жей округундагы State Road 67 жана County Road 550 East жолдорунун кесилишинде болгон.

Ички коопсуздук департаменти Fox News телеканалына билдиргендей, Бейшекеев АКШга 2024-жылдын 19-декабрында Аризона штатындагы Ногалес чек ара өткөрмө пункту аркылуу CBP One мобилдик тиркемеси менен кирген.

Департамент Бекжан Бейшекеев “мыйзамсыз мигрант” экенин белгилеген. Fox News баш болгон америкалык бир катар маалымат каражаттары жазгандай, Бейшекеевге коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) Пенсильвания штатынын Транспорт департаменти берген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG