Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Акыйкатчы өкүлү Ак-Сууда энесиз калган балдардан кабар алды

Акыйкатчы институтунун эн белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Акыйкатчы институтунун эн белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өзүн өрттөп көз жумган аялдын жашы жете элек төрт баласынын абалын жана укуктарынын камсыздалышын көзөмөлүнө алган. Омбудсмендин өкүлдөрү жергиликтүү социалдык кызматкерлер менен чогуу энесиз калган балдардын абалынан кабар алып турушат.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы 11-июнда "Азаттыкка" кабарлагандай, учурда үч баласы атасынын камкордугунда, ал эми кенже кызы экинчи никеден төрөлгөндүктөн ал да өз атасы менен жашайт.

Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, балдарга энеси каза болгон күндөн тартып "Багуучусунан ажырагандыгы боюнча" жөлөк пул дайындалган, ар бирине ай сайын 3 300 сомдон төлөнүп келет.

Быйыл февраль айында Ак-Суу районунда өспүрүм кыз кош бойлуу болуп калганына байланыштуу апасы менен чогуу милиция бөлүмүнө суракка чакырылган. 41 жаштагы аял райондук ички иштер бөлүмүнүн астындагы унаа токтотуучу жайда өзүн өрттөп, алган жаракатынан каза болгон. Маркум төрт баласын жалгыз тарбиялап келген.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына ылайык, аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кемчиликтерге жана кызматтык тартип бузууга жол берген кызматкерлерге тийиштүү чара көрүлгөн.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG