Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов атындагы эс алуу багында мушташтан каза болгон 17 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча дагы эки өспүрүм жана эки милиция кызматкери кармалды. Буга чейин 16 жаштагы бир окуучу кармалган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында үч өспүрүмгө Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен айып тагылды.
Ал эми милиция кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен кине коюлуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Аларга байланыштуу кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Окуя 27-майда болгон. Эс алуу паркында өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, 2009-жылы туулган өспүрүм “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон. Маркумдун жакындары баланы үч-төрт өспүрүм сабаганын айтып, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылышкан. (BTo)
Шерине