Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик гимнди өзгөртүү ишин токтотуу демилгесин көтөрүштү.
Парламенттин 11-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев гимнди өзгөртүү боюнча мамлекет жөн гана убара болуп жатканын айтса, дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева бул маселе боюнча саясий чечим кабыл алуу сунушун берди. Ал бир жарым жылдан бери гимндин жаңы тексти менен музыкасына жакшы вариант чыкпаганын айтып, азыркы гимнди эле калтыруу демилгесин көтөрдү.
“Эч кимди убара кылбай эле парламент саясий чечим кабыл алып, токтом менен жокко чыгарып койбойлубу. “Бир жарым жылдан бери бир гимнди жаза албай атышат. Маданият министрлигинде кандай адамдар иштейт?” деп мамлекет башчыга деле сөз тийип жатса керек”, - деди ал.
Жыйынтыгында мамлекеттик гимндин жаңы вариантын тандоо боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынынын күн тартибинен алынды.
Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссия ушул жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңешке сынактан жеңген үч вариантты алып келиши керек болчу. Бирок жакшы вариант чыкпагандыктан комиссиянын ишин 1-декабрга чейин узартуу сунушу берилген. Мындан тышкары өкмөт гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыялабай эле чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.
Кийин мамлекеттик гимн сынагына жалпы 900дөй долбоор түшүп, анын арасынан үч вариант тандалып алып Жогорку Кеңешке сунушталган. Парламент 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке каккан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)
Шерине