Жер-жерлерде адвокаттардын жетишсиздигин жоюу үчүн аларга аймактык лицензия берүү маселеси каралып жатканын юстиция министринин орун басары Данияр Калматов Жогорку Кеңеште "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралып жатканда билдирди. Бул сунуш парламентте колдоо тапкан жок.
Калматов мыйзам долбоору мамлекеттен кепилденген укуктук жардам системасын жакшыртууга жана адвокаттык ишмердүүлүктү оптималдаштырууга багытталганын айткан.
Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн ичинде мамлекеттен кепилденген укуктук система үчүн адвокаттарга аймактык лицензия берүү сунушу бар. Ага ылайык, уруксат берүүчү лицензиялар: жалпы өлкөдө колдонуучу универсалдык жана белгилүү бир аймактарда гана колдонуучу аймактык деп бөлүнөт. Аларды берүү тартибин жана формасын Юстиция министрлиги аныктай турганы белгиленген.
Данияр Калматов бул мамлекеттик адвокаттар жетишпеген аймактарда укуктук көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирген.
Министрдин орун басары адистик сынакта суроолордун жарымынан көбүнө жооп берген талапкер адвокаттык лицензия алууга талапкер боло аларын, ошол эле учурда алар мамлекет кепилдеген укуктук жардам системасында кеминде үч жыл иштөөгө милдеттүү болорун кошумчалаган.
Айрым депутаттар мыйзам долбоорун сынга алышты. Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам менен сабатсыз адвокаттардын саны көбөйөт деген пикирин айтты. Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова уюм "аймактык лицензия" демилгесине каршы чыкканын билдирди.
Жыйынтыгында парламент мүчөлөрү сунушталган мыйзамдын долбоорун 1-окуудан кабыл алуудан баш тартышты. 9 гана депутат макулдугун билдирип, калганы каршы чыгышты.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кара-Көл шаарында, Тогуз-Торо, Жумгал, Ак-Талаа райондорунда мамлекеттик адвокаттар жок. Дагы 23 аймакта жетишсиз.(ZKo)
Шерине