Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

"Манас" аэропортунда интернет өчүп, каттамдар үзгүлтүккө учурады

"Манас" эл аралык аэропорту (архив)
"Манас" эл аралык аэропорту (архив)

Социалдык тармактардын пайдалануучулары 11-июнь күнү "Манас" аэропортунда интернет өчүп, эл аралык жана жергиликтүү каттамдар үзгүлтүккө учураганын жазышты.

Маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын басма сөз кызматы ырастап, 11-июнда саат 01:00дөн тартып жалпы өлкө аймагында интернет маселеси жаралганын, натыйжада аэропортто жүргүнчүлөрдү каттоо убактылуу токтотулганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, интернет өчкөн кезде резервдик режимде тейлөөгө өтүү да мүмкүн болгон эмес.

Саат 02.50гө карай негизги системалардын айрым бөлүктөрүнүн иши калыбына келтирилип, жүргүнчүлөрдү каттоо улантылган. Дубай, Анкара, Стамбул жана Анталияга каттамдар жанданган. Ал эми Бишкек - Москва каттамына «Аэрофлот» авиакомпанисынын жеке системасы аркылуу каттоо үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн.

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Дубай, Стамбул, Анталияга жана Бишкек-Ош багытындагы бир нече каттамдардын мөөнөтү жылган.

Учурда аэропортто бардык маалыматтык системалар, байланыш агымдары кадимкидей иштеп жатканы кошумчаланды.

Интернеттин үзгүлтүккө учурашынын себеби айтыла элек.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG