Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылынын күчтөрү 9-июнда Герат шаарында аялдардын укуктарын коргоп чыккан акциянын катышуучуларын курал колдонуп таратканы кабарланды.
Каршылык акциясы талибдер жүзүн жана тулку боюн толук жабуу боюнча талаптарды бузду деген негизде аялдарды кармаганы тууралуу маалыматтардан кийин башталган.
Күбөлөрдүн бири "Азаттыктын" ооган кызматына акцияны кууп-таркатуу учурунда кемине бир киши каза тапканын билдирди.
"Нааразылык билдирип чыккандарга ок атылды, 20дан ашуун киши жарадар болду. Бирөө каза тапты", — деди ал.
"Талибандын" өкүлдөрү киши өлүмү, кармоолор тууралуу маалыматтарды четке кагууда.
БУУнун Ооганстандагы адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачысы, эл аралык эксперт Ричард Беннетт "каршылык акциясынын катышуучуларына катуу күч колдонулганын" айыптады.
"Азаттыкта" тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз жолдор менен тактоого мүмкүнчүлүк жок.
Шерине