Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Акыйкатчынын бир орун басары алмашты

Медербек Усаров.
Медербек Усаров.

Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев кызматтан кетип анын ордуна Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында Медербек Усаров шайланды.

49 жаштагы Медербек Усаров 2000-жылы Ички иштер министрлигинин Алиев атындагы академиясынын “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 2006-2009-жылдары ар кандай фонд, эл аралык уюмдарда иштеген. 2023-2025-жылдары Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын катчылыгында эмгектенген.

Жаныбек Жоробаев 2024-жылдын 18-январында акыйкатчынын орун басары болуп шайланган. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

Омбудсмен Жамиля Жаманбаеванын эки орун басары бар. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG