Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов атындагы эс алуу багында эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, мушташтан 17 жаштагы окуучу каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя 27-майда катталган. Баштапкы тергөөгө ылайык, жапырт мушташ болгон эмес, алар достору менен барганы менен экөө гана чатакташа кеткен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган (Ден соолукка оор залал келтирүү менен этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 16 жаштагы М.Б. аттуу өспүрүм шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев окуучулардын мушташы боюнча комиссия түзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
“Эс алуу багында кызмат кылып турган 22 милиция кызматкери болгон. Аларга мушташ боюнча айтылганда “көңүл бурбай койгон” деген маалыматтар айтылып жатат. Анын баарына комиссиянын чечими менен жыйынтык чыгарабыз. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынан маалымат алдым, “балдардын бири чапкан экен, экинчи бала жыгылып калыптыр” деп айтты. Тез жардам келгенде бала каза болуп калыптыр. Экспертиза да "өспүрүмдүн башына кан куюлуп кеткен" деп корутунду чыгарыптыр. Окуя Курман айт күнү, дем алышта болгон”, – деди Бакытбек Кошалиев.
Курман айт майрамы Кыргызстанда 27-майда белгиленди. Ички иштер министрлиги бул күнү өлкө боюнча коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылганын кабарлаган. (NK\ErN)
Шерине