Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Рим папасы Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылышына катышты

Барселонадагы атактуу Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылышына арналып атылган фейерверк. 10-июнь, 2026-жыл.
Барселонадагы атактуу Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылышына арналып атылган фейерверк. 10-июнь, 2026-жыл.

Рим папасы шаршемби күнү Барселонадагы Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылыш аземине катышты.

Бул мунара кошулгандан кийин каталониялык архитектор Антони Гаудинин долбоору менен курулган атактуу имарат дүйнөдөгү эң бийик чиркөөгө айланды.

Чиркөөдө таат окуп жатып Рим папасы Леон бул имаратты «архитектуралык шедевр» деп атады.

Андан соң ал сыртка чыгып, бийиктиги 172,5 метр болгон Иса Машаяк мунарасына өз батасын берди.

Азем архитектор Антони Гаудинин көзү өткөнүнүн 100 жылдыгында өттү.

Миңдеген адамдар катышкан диний жөрөлгөгө Испаниянын падышасы Фелипе VI, ханыша Летисия жана премьер-министр Педро Санчес да катышты.

Антони Гауди 1852-жылы төрөлгөн. Архитектор 1883-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин, башкача айтканда 40 жылдан ашуун убакыт бою Саграда Фамилия чиркөөсүн курууда эмгектенген. Ал 1926-жылы трамвай сүзүп кетип, каза болгон.

Ар түрдүү архитектуралык стилдеги үч фасады жана 18 мунарасы бар бул ири долбоорду бүтүрүү оңой болгон жок.

Алгач чиркөөнүн курулушун быйыл аяктоо пландалган, бирок мөөнөт 2035-жылга жылдырылды.

Рим папасы Леон чиркөөнүн али толук бүтө электиги анын көркүнө доо кетирбей турганын айтты. Бул базилика жана Гаудинин дагы алты эмгеги ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Аларды көрүү үчүн жыл сайын миллиондогон туристтер Барселонага барат.

Өткөн жылы Саграда Фамилия чиркөөсүнө 4,9 миллион адам келип, жаңы рекорд катталган.

Келүүчүлөр төлөгөн кирүү билеттери чиркөөнүн дагы эле уланып жаткан курулуш иштерин каржылоого жумшалууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG