11-июнга караган түнү Орусиянын Краснодар крайына учкучсуз аппараттар менен чабуул коюлду. Натыйжада үч адам жабыркаганын аймактын губернатору Вениамин Кондратьев билдирди.
Ал тактагандай, дрондун сыныктары Краснодар шаарындагы көп кабаттуу турак жайга тийип, өрт чыккан. Окуядан эки адам жаракат алган.
Дагы бир адам Северский районундагы чабуулдан жабыркаган. Ал жерде бир нече жеке турак жайга зыян келтирилген.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, чабуулга кабылган үйдөн эки чакырымдай аралыкта аскердик багыттагы ишканалар жайгашкан. Алар «Каскад» Краснодар прибор куруу заводу жана «Сатурн» акционердик коому.
Ал эми «Краснодар-Борбордук» аэродрому болжол менен үч чакырым аралыкта жайгашкан.
Дрондордун чабуулунан кийин Афипск мунай иштетүүчү заводунда да өрт чыккан. Бирок аймактын ыкчам штабы билдиргендей, таңга жуук өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Мындан тышкары, газ магистралынын ишинде үзгүлтүк жаралганы кабарланды.
Афипск мунай иштетүүчү заводу «Сафмар» тобуна кирген ири ишканалардын бири болуп саналат. Анын жылдык долбоордук кубаттуулугу 6,25 миллион тонна мунайды кайра иштетүүгө жетет.
Бул ишкана буга чейин да бир нече ирет украиналык дрондордун чабуулуна туш болгон.
Шерине