Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн баш тартканы үчүн салынуучу айып пул өлчөмүн 12 эседен ашык көбөйткөн мыйзамга кол койду.
Мурда мындай мыйзам бузуу үчүн 27 доллардан 55 долларга чейин айып салынса, эми медициналык кароодон өтпөгөн чет өлкөлүктөр 345 доллардан 690 долларга чейин төлөшү мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, айып пул өз убагында төлөнбөсө анын көлөмү эки эсеге көбөйтүлүп, чет өлкөлүк жаран Орусиядан чыгарылышы ыктымал.
Мындан тышкары, мигранттарды медициналык кароодон өткөрүү тартибин бузгандар үчүн административдик жоопкерчилик киргизилди. Жеке адамдарга 345 доллардан 1400 долларга чейин, кызмат адамдарына 1400 доллардан 2800 долларга чейин, ал эми юридикалык жактарга 4200 доллардан 14 миң долларга чейин айып пул чегерилет.
Буга чейин Орусиянын Федерация Кеңеши чет өлкөлүктөрдүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтүн өлкөгө киргенден кийин 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскарткан мыйзамды жактырган.
Жаңы талаптар 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Орусиянын мыйзам чыгаруу органынын ишин анализдеген "ДумаБинго" сайты Мамдума 2021-жылдан бери антимигранттык маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын маалымдаган. Анын ичинен 38 демилге 2024-жылдагы "Крокус Ситидеги" окуядан кийин көтөрүлүп, ал теракттан улам Орусияда мигранттарга көзөмөл жана ксенофобиялык маанай күчөгөн.
Шерине