12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 31…33° болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 21…23° жылуу болот.
Шерине