Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

"Элдин сөзүнөн коркуп өзүн өрттөгөн". 41 жаштагы Ажардын өлүмү

Өзүнө өрт коюп, каза болгон Ажар. Анын артында жашы жете элек төрт баласы калды.
Өзүнө өрт коюп, каза болгон Ажар. Анын артында жашы жете элек төрт баласы калды.

Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылында 41 жаштагы Ажар аттуу келин өзүнө өрт коюп, анын кесепетинен ооруканада кайтыш болуп калды. Анын мындай кадамына 17 жаштагы тун кызынын кош бойлуу болгону, элдин сөзүнөн коркуп уялганы себеп катары айтылып жатат.

"Намыскөй, эмгекчил адам эле"

Ажар күйөөсү менен 2013-жылы ажырашкандан кийин соңку 9-10 жылдан бери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жашап келаткан. Ага чейин ушул эле райондун Ак-Чий айылында жашап келген. Теплокюченкага көчүп келгенден бери айыл өкмөттө аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо туруп, айрым учурларда көмөк алып жүргөн.

"Эки күн мурда эле бир аз сыркоолоп калганын айтып, мага чалды эле. Биздин бюджет ачыла элек болчу, бирок мен ооруп атканын угуп, жөн калтырып кое алган эмес элем. Өзүмдүн эсебимде турган 7 миң сомду салып койгом. Өзү аябай намыскөй кыз эле. Бат эле жумуш таап, иштеп жүрчү. Жергиликтүү бийлик Ажар менен дайыма байланышта болчу, биз аны ар дайым колдоп келдик. Тайманбас кызыбыз ушинтип өмүрү менен коштошкону биз үчүн да өкүнүчтүү болуп турат. Ал жакшы жашоосун эми гана баштап келатты эле", - деди Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Көбөнбаев.

2024-жылы Талант Көбөнбаев трансформация болгон жерден 5 сотых бөлдүрүп бергенден кийин Ажар кайрымдуулук фонддорунун бирин таап, алардын көмөгү менен 2025-жылы үй салдырган. Ага чейин батирден батирге көчүп, жашап жүргөн экен.

Үйүнүн курулушуна айыл өкмөтү да техникалык көмөк көрсөтүп, суу киргизүүгө, курулуш иштерине жардам бергенин билдирди.

Жакындары 41 жаштагы Ажарды кайраттуу, тайманбаган, намыскөй жана эмгекчил адам катары сыпатташат. Ал жаз-күз мезгилдеринде жалданма жумуштарга чыгып, акча таап, төрт баласын ошол эмгеги менен багып келген.

Улуу кызы 17 жашка быйыл толот. Калган үч баласы да мектеп, бакча курагында.

"Элдин кеп-сөзүнөн коркту"

Ажар тун кызы кош бойлуу экенин, боюндагы балага 16 жума болгонун уккандан кийин өзүн начар сезгенин, бул жаңылыкты ал өтө оор кабыл алганын жакындары айтууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-февраль күнү Ак-Суу райондук милициясына 2009-жылы туулган өспүрүм кыз кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында 17 жаштагы кыз сурак берген. Ага катышуудан апасы баш тартып, “кызымдын боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм” деп айткан экен. Буга байланыштуу сурак Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жүргөн.

Ошол эле күнү, 25-февралда, саат 21:00 чамасында келин “дүкөнгө суусундук алам” деп чыгып кетип, бензин чачып, өзүн өзү өрттөгөн. Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, күйүктөн улам көз жумган.

Маркумдун балдарын азыр анын жакындары карап жатат.

Тепклоключенка айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери Ажардын төрт баласын убактылуу карап туруу үчүн анын бир тууган эжесинин макулдугун алган. Эми алдыда алар кимдин кароосунда болору комиссияда каралат.

Ооруканадан чыгып, апасынын тажиясына катышкан улуу кызы менен психологдор иштешип жатканын жергиликтүү бийлик билдирди. Жакындарына ага моралдык-психологиялык басым кылбоо тууралуу өтүнүч келтирилген.

Кыз Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы кесиптик лицейде 1-курста окуп жаткан.

Коомчулукта өз жанын кыюу мындай маселелерди чечпей тургандыктан, терең талдап чечим кабыл алыш керек деген пикирлер көп. Маркумдун артындагы чиедей балдардын келечеги кандай болот деген талкуу да кызуу жүрүп жатат.

Ошондой эле маркум турмуштук ыйкы-тыйкыдан улам ажырашып, балдарынын түйшүгүн жалгыз тартып келгенин эске алып, анын жан дүйнөсү жабыркап жүрүшү ыктымалдыгын айткандар, мындай окуялардын түпкү себебин аныктоо зарылдыгын белгилегендер бар.

Окуянын чоо-жайын милиция аныктагандан кийин укуктук баа берилмекчи.

Шерине

XS
SM
MD
LG