Москванын Таган райондук сотуна сөз эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча бир күндө 12 административдик протокол келип түштү. Бул тууралуу "Медиазона" маалымдады.
"Коммерсантъ" басылмасы "коомдук маанидеги жалган маалымат" таратууга, "Чемпионат.com" жана "Афиша Daily" сайттарына ээлик кылган СИМ медиахолдинги экстремисттик уюм тууралуу маалымат таратууга айыпталууда.
Протоколдор ошондой эле RusNews Телеграм каналынын редактору Сергей Айнбиндерге, "Московские новостинин" редактору Александр Берёзкинге, "Атомная энергия 2.0" сайтынын башкы редактору Павел Яковлевге, "Арсенал Отечества" журналынын башкы редактору Дмитрий Дрозденкого, "Беспощадный пиарщик" каналына катышы бардыгы айтылган журналист Елизавета Серьгинага түзүлгөн.
Административдик протокол түзүүгө кандай макалалар негиз бергени азырынча белгисиз. Алгачкы соттук териштирүү 29-июндан 1-июлга чейинки күндөргө коюлду.
"Коомдук маанидеги жалган маалымат" таратуу үчүн юридикалык тараптар 500 миң рублге чейин айып пул төлөйт. Экстремисттик уюм тууралуу маалымат таратууга 50 миң рублга чейин айып пул каралган.
«Коммерсантъ» (кыскача «Ъ») — Орусиядагы бизнес, экономика жана коомдук-саясий журналистикага адистешкен эң ири жана эң таасирдүү медиахолдингдердин жана басма үйлөрүнүн бири.
Шерине