Бүгүн 11-июнда футбол күйөрмандары төрт жылдан бери күтүп жаткан дүйнө чемпионаты башталууда. Бул жолу катышуучулардын саны көбөйтүлүп, 48 улуттук команда ат салышмакчы. Беттешүүлөр үч өлкөдө, Мехикодон баштап Ванкуверге, Сан-Францискодон Нью-Йоркко чейинки шаарларда болот. Андан тышкары мундиаль согуштардын, саясий тирештин фонунда, АКШнын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшү күчөп турган маалда өтмөкчү. Төрт курама, анын ичинде кошуна Өзбекстан дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө биринчи жолу чыкты.
Шерине