Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Дүйнөдө аба ырайын кескин өзгөртө турган Эл-Ниньо кубулушу башталды

Дүйнөлүк метеорология уюмунун өкүлү Женевадагы штаб-квартирада Эл-Нинього байланыштуу графиктерди көрсөтүүдө. 1-июнь, 2026-жыл.
Дүйнөлүк метеорология уюмунун өкүлү Женевадагы штаб-квартирада Эл-Нинього байланыштуу графиктерди көрсөтүүдө. 1-июнь, 2026-жыл.

Окумуштуулар Тынч океандагы Эл-Ниньо климаттык кубулушу кайрадан калыптанып, жакынкы айларда тарыхтагы эң күчтүү көрүнүштөрдүн бирине айланышы мүмкүн экенин билдиришти.

АКШнын Улуттук океан жана атмосфера башкармалыгы (NOAA) Эл-Ниньонун башталганын расмий түрдө ырастады.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул кубулуштун быйыл күздүн аягында же кыштын башында өтө күчтүү деңгээлге жетүү ыктымалдыгы 63% түзөт.

Адистер аны 1997–1998-жылдардагы рекорддук Эл-Ниньо менен салыштырып жатышат.

Эл-Ниньо – Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суулардын температурасы адаттагыдан жогорулап кеткен учурда пайда болгон табигый климаттык кубулуш.

Ал эки-жети жылда бир кайталанып, дүйнөнүн көп бөлүгүндө аба ырайынын өзгөрүшүнө себеп болот.

Метеорологдордун айтымында, ал сел, кургакчылык, катуу ысык, бороон-чапкын сыяктуу табигый кырсыктарды күчөтүшү мүмкүн.

Климат боюнча адистер боолгологондой, Түштүк Американын батышында катуу жаан-чачын болуп, сел жүрүшү ыктымал.

Индияда ысык, ал эми Австралияда кургакчылык күчөп, токойлорду өрт капташы мүмкүн.

Окумуштуулар Эл-Ниньонун таасири дүйнөлүк температуранын дагы өсүшүнө алып келерин эскертүүдө.

Айрым адистер 2027-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп калышы мүмкүн деп болжошууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Эл-Ниньону «климат боюнча шашылыш эскертүү» деп атап, бул кубулуш ансыз да ысып жаткан дүйнөдөгү көйгөйлөрдү күчөтөрүн айтты.

Ошол эле учурда окумуштуулар коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, алдын ала даярдык көрүүнүн маанисин белгилөөдө.

«Коркуунун ордуна адамдарды даяр болууга чакырышыбыз керек», – деди Колумбия университетинин климат боюнча адиси Мухаммад Азхар Эхсан.

Шерине

XS
SM
MD
LG