12-июнда Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеваны 26-июлга чейин камакта калтыруу тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Мээрим Узакбаеванын жакындары анын үч кызы бар экенин, тергөө абагында негизсиз кармалып турганын айтышты.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 20-мартта кармалып, камакка алынган.
Шектүүгө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.
Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. (BTo/DSh)
Шерине