Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобу 11-июндагы отурумунда майыптыгы бар балдардын көйгөйүн талкуулады. Отурумда баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдиргендей, акыркы жылдары Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдардын саны өсүүдө. Анын берген маалыматына караганда, учурда 380 бала каттоодо турат.
"Тилекке каршы, аутизмден жабыркаган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. 2024-жылы 4 бала катталса, 2025-жылы 6 бала аутизм диагнозу менен катталды", - деди ал.
Ошол эле учурда Даун синдрому жана церебралдык шал оорусу менен ооруган балдардын саны азайганы белгиленди.
Адис Кыргызстанда мындай балдарды реабилитациялоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, Бишкекте, Токмокто мурдагы балдар үйүнүн базасында реабилитациялык борборлор түзүлгөн. Ошондой эле Чүйдө бир учурда 580 баланы коштоочу адамы менен кошо кабыл алуучу ири реабилитациялык борбор курулуп жатканы айтылды.
Депутаттык топтун жыйынына майыптыгы бар балдардын ата-энелери да катышты.
Кыргызстандагы "Бейтаптар союзунун" төрайымы, майыптыгы бар баланын апасы Айсулуу Айтымбетова аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал оорусу жана башка майыптыгы бар балдардын так саны тууралуу маалымат жоктугун сындады:
"Бүгүн айтылып жаткан майыптыгы бар балдардын саны 37 637 деген маалымат 2023-жылдын аягында катталган. Андан бери 2024-2025-жылдагы маалыматтар жок. Улуттук статистика комитетине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылам, эмне үчүн майыптыгы бар балдардын кийинки жылдарга так саны тууралуу маалымат жок? Саламаттык сактоо министрлиги менен МСЭКтин маалыматтары бири-бирине дал келбейт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы такыр башка сан болуп чыгат".
Айтымбетова майыптыгы бар балдарды каттатуу татаал экенин, МСЭКтен өтүү эки-үч айга созуларын белгилеп, аутизм, Даун синдрому сыяктуу генетикалык жактан майыптыгы бар балдарга тийиштүү макам 18 жашка чейин берилишин суранды. Балдар мыйзам боюнча инклюзивдик билим алуу укугуна ээ болсо да мындай укугу чектелгени, көпчүлүгү үйдө окушары же такыр билим албай турганы белгиленди. Адис мугалимдер жетишсиз экени да айтылды.
Ал майыптыгы бар балдар боюнча толук, так маалыматтарды жаңылап турууну, инклюзивдик билим берүү мыйзамынын иштешин камсыздоону, аймактарда реабилитациялык борборлорду ачууну өтүнүп, мамлекеттик органдарды, бийликти майыптыгы бар балдарга коомдун бир бөлүгү, өлкөнүн келечеги катары көңүл бурууга чакырды.
Отурумда майыптыгы бар балдары бар үй-бүлөлөргө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуусуна шарт түзүп берүү өтүнүчү айтылды. Жеке ассистенттерге да ипотекалык компания аркылуу үй алуусуна, жеке ассистенттиктен тышкары кошумча иштөөгө уруксат берүү, майыптыгы бар балдардын жөлөк пулун көбөйтүү суранычы айтылды.
Ата-энелери депутаттык отурумда каралган маселе, айтылган көйгөйлөр кагазда кала бербей, чечип берүүсүн депутаттардан суранышты.
Отурумда айтылган маалыматка караганда, 2010-жылы Кыргызстанда 22 миң майыптыгы бар бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен.(ZKo)
Шерине