Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Мамлекеттик реабилитациялык борборлор 14 жаштан улуу балдарды тейлебей турганы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик атайын мекемелерде майыптыгы бар балдардын психо-медициналык реабилитациядан өтүүсүнө шарт 14 жашка чейинки курактагылар үчүн гана түзүлгөн. Андан кийин ата-энесинин кароосунда болушат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өлкөдөгү реабилитациялык борборлор 14 жашка чейинки гана балдар үчүн каралган.

Кадыралиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар балдар үчүн 8 реабилитациялык борбор иштейт. Алар Бишкекте, Ошто, Токмокто, Ысык-Көлдө жайгашкан.

Депутаттык топтун отурумуна катышып отурган ата-энелер аймактардагы медициналык борбор, санаторий, пансионаттардан да майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык бөлүмдөрдү ачып берүүнү суранышты.

Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобу 12-июндагы отурумунда майыптыгы бар балдардын көйгөйүн карап жатат. Отурумдагы ата-энелер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгекке жарамдуулукту аныктоочу эксперттик комиссиядан (МСЭК) өтүүнүн татаалдыгына нааразылыгын билдиришти. Аталган комиссия менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы онлайн байланыш, онлайн каттоо жараяндары иштебей жатканына даттанышты.

Отурумда айтылган маалыматка караганда, 2010-жылы Кыргызстанда 22 миң майыптыгы бар бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Андан берки жылдардын расмий так маалыматы жок.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG