Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

АКШ менен Иран алкактык келишимге электрондук түрдө кол коюшту

Иран менен АКШнын келишим жарыялангандан кийинки майрамдык маанай. Багдаддагы Иран элчилигинин жанына Ирандын, Ливандын жана башка мамлекеттердин желектерин көтөрүп чогулган адамдар. Ирак. 15-июнь, 2026-жыл.
Иран менен АКШнын келишим жарыялангандан кийинки майрамдык маанай. Багдаддагы Иран элчилигинин жанына Ирандын, Ливандын жана башка мамлекеттердин желектерин көтөрүп чогулган адамдар. Ирак. 15-июнь, 2026-жыл.

АКШ менен Иран 15-июнда үч айлык согушка чекит коюуга жана Ормуз кысыгын ачууга үндөгөн алкактык келишимге электрондук түрдө кол коюшканын Вашингтондогу президенттик администрациянын жогорку өкүлдөрү билдиришти.

Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген аткаминердин сөзүнө караганда, АКШ президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс видеоконференция режиминде келишимге кол коюшту. Тегерандын атынан Иран парламентинин спикери жана сүйлөшүүлөрдөгү негизги адам Мохаммад Багер Калибаф кол койду. Келишимге расмий кол коюу 19-июнда Швейцарияда - Женевада болору күтүлүүдө.

Меморандумдун толук тексти 24-48 сааттын ичинде жарыяланарын айткан аткаминерлер ал "толук ачыктыгын" жана "кандайдыр бир кошумча келишимдер болбой турганын" белгилешти.

Алкактык келишим Вашингтон менен Тегеранга Ирандын байытылган уран кору боюнча талаштарды камтыган туруктуу тескөө жөнүндө сүйлөшүүлөргө 60 күн берет.

Ирандын "Мехр" мамлекеттик маалымат агенттиги 14 пункттан турган өз ара түшүнүшүү меморандумунун чоо-жайын жарыялады, анда 60 күн ичинде өзөктүк маселелер жана Тегеранга карата бардык санкцияларды жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү камсыздай турганы айтылган.

Вашингтон тынчтык келишими кандай кеңири болбосун, Ирандын өзөктүк куралдануусуна жол бербөө жана Ормуз кысыгы кемелер эркин өтүүсүнө ачык болушу анын негизги элементи болорун баса белгиледи.

Дүйнөлүк мунай жана газдын негизги артериясы болгон Ормуз кысыгы Иранга АКШ менен Израил согуш ачкандан кийин, Тегеран тарабынан жабылган. Мындан дүйнөлүк энергетика базары олку-солку болуп, дүйнөлүк экономикага терс таасири тийди.

Шерине

XS
SM
MD
LG