Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Кир Стармердин мүлкүн өрттөө артында Орусияга байланышы бар хакердик топ турган

Кир Стармер
Кир Стармер

Лондондун соту дүйшөмбүдө 22 жаштагы украиналык Роман Лавриновичти Британиянын премьер-министри Кир Стармердин үй-бүлөсүнө таандык үйүн жана башка объекттерин өрттөө максатында кол салуулар үчун кутумга айыптуу деп тапканын Financial Times жазды.

Румыниянын 27 жаштагы жараны Станислав Карпюк өрттөөгө катышы бар деп табылды, 35 жаштагы украин жараны Петр Починок акталды. Айыптоо Лавриновичтин кураторунун тек-жайын ачыктаган жок, болгону ал Tелеграмда El Money деген аккаунт менен орусча жана украинче жазып жүргөнү маалым.

Financial Times иликтөөсүндө көрсөткөндөй, El Money Орусияда жайгашкан жана орусиячыл NoName057(16) хакердик тобу менен байланышта болгон, АКШ атагандай "мамлекет санкциялаган долбоор". Басылма топтун Орусия бийлиги менен байланыш даражасы белгисиздигин: америкалык CISA киберагенттигинин маалыматында катышуучулар арасында "Москванын саясатын колдогон, бирок өкмөт менен түз байланышы жок жүздөр", ошондой эле "орус мамлекети менен түз же кыйыр колдоо аркылуу байланыштуулар" бардыгын белгиледи.

FT маалыматына караганда, 2024-жылдын аягында El Money Телеграмдан убактылуу иш издеп жүргөн Лавриновичти таап, башында ага Лондондо өздөрүн англиялык ультра оңчулдар катары көрсөтүп жүргөн Direct Action кыймылынын баракчаларын жабыштырууну сунуштаган. Басылма чыныгы иш жүзүндө аталган кыймылдын аккаунттары Орусиядан башкарылганын, бул кыймыл NoName менен байланышы бардыгын жазды. Алардын азыр Телеграмдан өчүрүлгөн "Диверсанттын жаштыгы" деген аталыштагы канал менен жалпы эн белгиси, окшош стратегиясы жана материалдары болгон, ал канал Батыш Европадагы украиндерди диверсия жасоого тартуу боюнча көрсөтмөлөрдү жарыялаган.

2025-жылдын башында Direct Action каттаулуучуларын Лондондогу мечиттерге исламга каршы граффити тартууга чакырган - Лавринович январь-февраль айларындагы мындай жети акциянын кеминде экөөнө катышкан.

Андан кийин, FT маалымдагандай, El Money ага Стармердин Toyota RAV4 автоунаасын жана премьерге караштуу эки үйдү өрттөөнү тапшырган, эгер алар улуттук жаңылыктардан көрсөтүлсө, бир нече миң долларды Tether криптовалюта менен төлөп берүүнү убада кылган. Өрттөөлөр сегизинчи, 11-12-майда болгон, жабыркагандар жок.

13-майда эртең менен Лавринович, FT маалыматына караганда, El Money аккаунтуна Телеграмдан акчаны качан төлөп беришерин сурап жазган. 16-майда ага айып тагылган.

Кир Стармер өзү бул окуяларды "демократияга кол салуу" деп атаган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG